www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте  TikTok колдонуучусу кармалды

TikTok социалдык тармагында аймактар аралык кастыкты козуткан видео тарады.

16-июнда asanov_live деген колдонуучу жек көрүүчү билдирүү жарыялаган.

Ошол эле учурда ал сөгүнүп сүйлөгөн.

19-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИББнын кызматкерлери 1982-жылы туулган К.М.ны кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция социалдык тармактардын колдонуучуларын мыйзам бузбоого жана чагымчыл билдирүүлөрдү жасабоого чакырат.

Последние новости