www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү расмий түрдө башталды. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 490 бала катышты.
Балатынын ачылыш аземине Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышып, балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ал окуучуларга окууда ийгиликтерди, чың ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Иш-чаранын алкагында балдар “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жана Б. Кыдыкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына барышып, оюн-зоок программасына күбө болушту. Ошондой эле “Маугли” аттуу театралдык спектаклди көрүштү.
Президенттик балатынын негизги программасы 19-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкө жетекчилигинин катышуусу менен уланат.