www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында XX "Оймо 2026" эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды.
Мэриядан билдиришкендей, быйылкы фестиваль "Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук" деген ураан алдында өтүүдө.

Ачылыш программасынын алкагында кыргыз маданиятына жана кол өнөрчүлүгүнө салым кошкон инсандар — Динара Чочунбаева, Айдай Асангулова жана Гүлнур Канаттын ишмердүүлүгүнө арналган даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын жана "Кыргыз кайрык" ансамблинин концерттик программасы менен коштолду.

"ОЙМО 2026" фестивалы борбор калаада 31-майга чейин уланат. Юбилейлик программага Кыргызстан, Борбор Азия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген 150дөн ашык кол өнөрчү, дизайнер жана сүрөтчүлөр катышууда.