www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Башкы планды ишке ашыруунун алкагында Миңжылкиев көчөсүнүн курулуш иштери башталды.

Курулуш жүрүп жаткан аймакка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда долбоордун мааниси, негизги өзгөчөлүктөрү жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Долбоорго ылайык, көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзүп, азыркы жол тилкесинин багыты боюнча 8 метр кеңдикте курулат.

Ошондой эле жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, жашыл аймактар толугу менен сакталары белгиленди.

Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспектисин Тыналиев жана Курчатов көчөлөрү менен байланыштырып, Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү транспорттук жүктөмдү азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, жолдун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жээги менен өткөн бөлүгүндө коопсуздукту камсыздоо үчүн эки жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат.

Долбоордун алкагында инженердик коммуникациялар жаңыланып, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат, жол белгилери жана чийиндери түшүрүлөт.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлөрү айтылды.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, бул долбоор борбор калаадагы жол тыгындарын азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Последние новости