www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өткөн IV Эл аралык кинофестиваль айланасында коомдук талкуу күч алды. Айрым маалыматтарда француз актрисасы Одри Тоту (“Амели” тасмасынын жылдызы) чакырылышы жана фестивалдын жалпы чыгымы олуттуу сумманы чапчыганы айтылууда. Бирок расмий булактарда мындай чыгымдардын так структурасы ачык көрсөтүлгөн эмес.

Социалдык тармактарда француз актрисасы Одри Тотунун келиши жүз миңдеген долларга түшкөнү, ал эми фестивалдын конокторуна берилген кечки тамактын баасы бир адамга 500 долларга чейин жеткени тууралуу маалыматтар тарады. Бул сандар расмий түрдө тастыктала элек. Бирок дал ушундай кеп-сөздөрдүн чыгышы жөн жеринен эмес. Элибиз "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген. Демек, элге ачык айтылбаган мандем бар. 

Ырас, маданиятка каражат бөлүү — мамлекеттин милдети. Кинофестиваль өткөрүү да жаман көрүнүш эмес. Тескерисинче, ал өлкөнүн аброюн көтөрүп, кыргыз киносун дүйнөгө таанытууга кызмат кылышы мүмкүн. Бирок ар бир сарпталган сомдун артында элдин акчасы турганын унутпашыбыз керек.

Эгер фестивалга чындап эле миллиондогон сомдор жумшалган болсо, анда анын натыйжасы кандай болду? Кыргыз киносуна кандай пайда алып келди? Канча жаңы долбоор колдоого ээ болду? Канча жаш режиссёр же сценарист мүмкүнчүлүк алды? Ушул суроолорго так жооп берилмейинче, коомчулуктун күмөн саноосу күчөй берет.

Бүгүнкү күндө кыргыз киносунда көйгөйлөр аз эмес. Жаш режиссёрлор каржылоонун тартыштыгынан долбоорлорун ишке ашыра албай келишет. Аймактардагы кинотеатрлардын абалы начар. Кино тармагында иштеген көптөгөн жаш адистер үчүн турак жай маселеси оор. Мындай шартта эл арасында: «Кызыл килем менен кымбат банкеттерге кеткен каражат кино тармагындагы чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалса болмок» деген пикирлердин чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Маселенин өзөгү фестивалды өткөрүүдө эмес. Маселе — ачык-айкындыкта. Коомчулук бюджет канча болгонун, каражат кайсы багыттарга жумшалганын жана анын натыйжасы кандай экенин билүүгө укуктуу. Себеби мамлекеттик акча — элдин акчасы.

Маданият өнүгүшү керек. Кино дагы өнүгүшү керек. Бирок маданияттын өнүгүшү салтанаттын көлөмү менен эмес, анын коомго алып келген пайдасы менен өлчөнөт. Эл аралык жылдыздардын келиши бир күндүк жаңылык жаратышы мүмкүн. Ал эми жаш кинематографисттерге түзүлгөн шарттар, жаңы тасмалар жана өнүккөн киноиндустрия — өлкөгө жылдар бою кызмат кылчу инвестиция.

Ошондуктан кинофестивалдын айланасындагы талкууларды «маданиятка каршы чыгуу» катары эмес, мамлекеттик каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын талап кылган мыйзамдуу коомдук суроо катары кароо туура болот. Коом жооп күтүп жатат. Ал жооп канчалык ачык болсо, маданий долбоорлорго болгон ишеним да ошончолук бекем болот.

Последние новости