www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында эл аралык кызматташтыкты ырааттуу кеңейтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет элдик укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара аракеттенүү жүргүзүп келет. Биргелешкен иш-чаралар кылмыштарды өз убагында натыйжалуу аныктоого жана кылмыштуулукка бөгөт коюуга, ошондой өлкө аймагынан тышкары жашынып жүргөн адамдарды жоопкерчиликке тартууну камсыздоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Америка Кошмо Штаттарынын Ички коопсуздук министрлиги жана Иллинойс штатындагы Баңгизаттар менен күрөшүү департаменти менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ы.М. кармалган.

Ал 2023-жылдан бери Интерпол тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы эл аралык издөөгө алынган.

Тергөө материалдарына ылайык, Ы.М. мунайзаттарды сатуу менен алектенген уюмдардын биринде жетекчи кызматта иштеген А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, күйүүчү отунду уурдоого катышкан. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жалпы 1536,51 тонна күйүүчү отун уурдалып, 51 780 387 сомдук зыян келтирилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызматтары тарабынан кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө АКШнын HSI (DEA) убактылуу кармоочу жайларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 8 жаран экстрадициялоо жол-жобосунан өтүүдө. Алардын ичинен 3 адам Кыргызстанга алынып келинген.

 

Последние новости