www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, тилсиз жоо өчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бүгүн, 15-ноябрда таң эрте Бишкек шаарында өрт чыкан. Борбор калаанын Биринчи Май районунун Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу үйдө кырсык тууралуу маалымат түшкөн.
Таңкы саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Алар үйдүн 50 жашоочусун коопсуз тилкеге эвакуациялашкан.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, тилсиз жоонун аянты болжол менен 800 чарчы метр аянтты кучагына алды. Жеринде толук өчүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.