www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү чет элдик ишкерди опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 31-октябрда кабарлады.

Анда айтылгандай, 28-октябрда Түркиянын жараны (А.И.) милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-октябрда кеңсесине белгисиз жарандар келип, өздөрүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары тааныштырып, андан 20 миң сом талап кылышканын айткан. Коркутууга алгандар камакта жаткан кримтөбөлгө колдоо керек болуп жаткандыгын айтып, андан баш тарткан ишкерди өлтүрүп, мүлктөрүн талкалап кетишерин айтып опузалашкан.

Аталган факт Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында акчаны алып жаткан учурда 37 жаштагы И.Э. жана Б.С. аттуу (башка аты К.Д.) кармалды. Экинчи аталган жаран Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү «Доня» деген лакап ат менен каттоодо турганы аныкталды. Милиция билдиргендей, кармоо учурунда алардын автоунаасынан эки тапанча эки огу менен алынды.

Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы чечими менен ал тергөө бүткүчө камакка алынган.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Кыргызстандагы бизнес ассоциациялар жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун ишканаларын басып алуу аракеттери уланып жатканын 23-октябрда Бишкектеги жыйында маалымдашкан. Алар кеминде 50дөй факт бар экенин билдиришкен - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости