www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына А.Ч. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, белгисиз адамдар ар кандай телефон номерлерин колдонуп, WhatsApp мессенджери аркылуу байланышып, өздөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жабырлануучуну адаштырып, психологиялык басым көрсөтүү менен финансылык операцияларды жүргүзүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү беришкен.
Натыйжада, мыйзамсыз аракеттердин негизинде жабырлануучу аял акча каражаттарын кылмышкерлер көрсөткөн эсептерге өткөрүп берген. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 1 392 000 сомду түзгөн.
Аталгар факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган К.М. аттуу жаран шектүү катары аныкталып, кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПК 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кошумча далилдерди чогултуу, окуянын бардык жагдайларын тактоо, башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана алардын жүргөн жерин белгилөө боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды сак болууга жана өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдардын чалууларына жана билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат. Эсиңиздерде болсун, мамлекеттик органдар акча каражаттарын которууну талап кылбайт жана мессенджерлер аркылуу финансылык операцияларды жүргүзбөйт.
Мындай учурларда дароо ички иштер органдарына кайрылыңыздар. Өзүңүздөрдү жана каражаттарыңызды сактаңыздар!