www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, уюмга жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөндөр аныкталды.

"Экстремисттик ишти түзүү жана каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынан «Хизб ут-Тахрирдин» 5 активдүү мүчөсү кармалды. Кармалгандар: 1967-жылы туулган А.О.А., 1973-жылы туулган С.Д.М., 1980-жылы туулган С.А.У., 2000-жылы туулган И.И.И. жана 1979-жылы туулган Ш.Н.С.. Аталгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана экстремисттик материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылып, алынды.

Кармалгандар "Хизб ут-Тахрирге" тиешеси бар экенин моюнга алышты. Алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн соттолгон.

Кармалгандардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө чаралары жүрүп жатат деп айтылат", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости