www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.
Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө эски асфальт-бетон жабындысы алынып, жолдун негизи бекемделди. Ошондой эле зарыл болгон инженердик тармактар оңдолуп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү.
Мындан тышкары, жол инфраструктурасынын айрым элементтери жаңыртылды.
Тиешелүү департамент жол оңдоо иштерин бекитилген графикке ылайык улантууда.
Негизги көңүл жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жол жабындысынын сапатын жакшыртууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө бурулууда.