www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясында Бишкектеги ишкерден 42 миң долларды алдамчылык жол менен тартып алган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын 18-июнунда борбор калаанын тургуну Э. Т. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, 31 жаштагы жигитке карата чара көрүүнү суранган, ал 2018-жылдын сентябрь айында "Айчүрөк" соода борборунун жанында ишенимге кирип, биргелешип иш алып барууну сунуштап, 42 миң долларын алып алган. Ал убадасын аткарбай, из жашырган.

Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана берене боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча Россиянын аймагында издөөдө жүргөн С.А. аныкталып, кармалган. Ал эми 2020-жылдын 10-июлунда ал Кыргызстанга өткөрүлүп берилип, Бишкектеги СИЗО-1ге жайгаштырылган.

Учурда ушул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүнүн Бишкек шаарында жасалган кылмыштардын башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости