www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 13 миллион 273 миң 537 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 367 миң 119у айыгып чыкса, тилекке каршы 577 миң 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 426 миң 53 адамдан коронавирус аныкталды. 136 миң 458 адам каза болсо, 1 миллион 49 миң 98 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 1 миллион 946 миң 824 адамдан аныкталды. 74 миң 133 адам каза болсо, 1 миллион 323 миң 425 бейтап айыкты.

Ал эми үчүнчү орунда Индия. Индияда 906 миң 752 адам вируска кабылган. 23 миң 727 бейтап көз жумса, 571 миң 460 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости