www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери чөнтөк уурулугуна шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Б.Ч. атуу жаран кайрылып, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспортто бара жатканда белгисиз адамдар чөнтөгүнөн 62 миң сомдук iPhone XR үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы О.Б. аттуу жаран кармалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости