www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүндө жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жаатында көп тараптуу кызматташууну чыңдоого багытталган регионалдык тренинг болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Катчылыгы тарабынан жаштар кылмыштуулугунун алдын алууну билим берүү жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция коркунучтарына каршы багытталган маалыматтык кампаниялар аркылуу күчөтүү долбоорунун алкагында уюштурулду.
Тренингге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги максаты - жаштар кылмыштуулугу тармагындагы актуалдуу чакырыктарды талкуулоо, алдыңкы эл аралык тажрыйба менен алмашуу жана тобокел тобуна кирген жаштарды укукка каршы аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу болду.
Программанын алкагында аймак өлкөлөрүндөгү учурдагы кырдаал боюнча баяндамалар жасалып, Германиянын алдыңкы тажрыйбасы - Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жеринин Ички иштер министрлигинин «Kurve Kriegen» демилгеси тааныштырылды. Катышуучулар кылмыштуу аракеттерге тартылуу коркунучунда турган жаштарды эрте аныктоо механизмдери жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү инструменттери менен таанышышты.
Өзгөчө көңүл аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаштар кылмыштуулугунун алдын алуунун натыйжалуу моделдерин иштеп чыгууга багытталган практикалык сабактарга жана кейстерди талдоого бурулду.
Тренинг жаштар арасында мыйзамдуулук маданиятын жайылтуу багытында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду, мыкты тажрыйбаларды алмашууну жана кызматташууну чыңдоону камсыз кылган маанилүү аянтча болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.