www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте сот аткаруучулар кызматындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК кызматкерлери тарабынан Биринчи Май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманын бети ачылды.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер, жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган жаран тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө.
УКМК эскертет: коррупциянын бардык фактыларына, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттерге катуу бөгөт коюлат.