www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте АКШ биолабораториясын курууга каршы митинг өттү

Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде Казакстандын Кордай районунда биолабораториянын курулушуна каршы митинг өтүп жатат.

Акцияга чыккан ондогон адам "Кыргызстандын чек арасында АКШнын биолабораторияларын курууга жол берилбейт", "Кордайдагы, биздин чек арага жакын жердеги биолабораториянын курулушун токтоткула" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Эске салсак, 2025-жылдын соңунда Казакстанда өтө кооптуу штаммдар менен иш жүргүзгөн лаборатория куруу пландалып жатат. Документке ылайык, лаборатория Жамбыл облусуна караштуу Гвардейский айылында пайда болот. Объектинин толук аталышы төмөнкүдөй: BSL-4 лабораториясы, кооптуу жана өтө кооптуу штаммдардын коллекциясы сакталган жер төлө.

Митингге чыккандар биолабораториянын курулушуна нааразы болуп, объект Бишкектен болгону 80 чакырым аралыкта куруларын белгилешүүдө.

Акцияга чыккан ондогон адам "Кыргызстандын чек арасында АКШнын биолабораторияларын курууга жол берилбейт", "Кордайдагы, биздин чек арага жакын жердеги биолабораториянын курулушун токтоткула" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Булак: NazarNeews.kg

Последние новости