www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу унааны токтотуу учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторун сүзүп кетти. Окуя 19-апрелде болжол менен саат 05:30да болгон.

ЖКККББ маалыматына ылайык, кызматкерлер текшерүү жүргүзүү максатында унааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу мыйзамдуу талапты аткарбай, качып кетүүгө аракет кылып жатып инспекторду сүзүп кеткен.

Натыйжада кызматкер бутун сындырып алган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, кийин медициналык мекемеге жеткирилген.

Кийин унаа кармалып, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ЖКККББ айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү экенин эскертти.

Последние новости