www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги СИЗО-1деги камактагы жарандар оозун тигишти. Бул тууралуу жергиликтиүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алар аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы. Алдын ала маалымат боюнча 3 шектүү оозун тиккен.
Бул маалымат боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат бере элек жана байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Белгилей кетсек, Марс Жусупбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деп айыпталып, Октябрь райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүнө калтырган. Марс Жусупбеков бул өкүмө макул болбой Жогорку Сотко кайрылган.
Жогорку Сот бардык чыккан чечимдерди жокко чыгарып кайра жаңы тергөөгө жөнөткөн. 2020-жылы Октябрь районлдук соту жаңы ишти карап чыгып, Жусупбековду актаган. Андан соң шаардык жана Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүнө калтырган. Тактап айтканда Жусупбеков толук акталып чыккан.
Булак: NazarNews.kg