www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Тактап айтканда, аталган турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын өлчөмү долбоордук талаптарга ылайык келбестиги аныкталган. Бул конструкциянын бекемдигине жана ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, имараттын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Натыйжада, аталган факт боюнча “Инком системс” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.