www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында психотроптук заттарды таратууга шектелген жаран кармалып, 1 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат жана гашиш алынганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде 2004-жылы туулган Э.Н.Б. аттуу жаранды кармашкан. Аны текшерүү учурунда болжол менен 3 грамм гашиш табылган.
Андан аркы тергөөдө шектүүгө кир жуугуч машина түрүндө жүк жөнөтүлгөнү аныкталып, аны кароо маалында атайын жашыруун жайдан 1 килограммдан ашык психотроптук зат табылган.
Тергөө маалыматы боюнча, кармалган жаран интернет аркылуу иштеген баңгизат сатуу тармагы үчүн психотроптук заттарды кабыл алып, сактап, таңгактап, Бишкек жана Чүй облусунда «жашыруун таштоо жайлары» аркылуу таратып жүргөн.
ИИМдин алдын ала эсебине ылайык, алынган баңгизаттар мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылганда кылмыштуу киреше 4,5 миллион сомдон ашмак. Милициянын өз убагындагы аракетинин натыйжасында 7 миңден ашуун бир жолку колдонууга эсептелген синтетикалык баңгизаттын жайылтылышына бөгөт коюлду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.