www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунун райондорунда чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын көзөмөлдөөчү лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө Чүй облусундагы сүт ишканаларына чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү жана практикалык жардам көрсөтүлдү. Атап айтканда, Бажы биримдигинин 033/2013 «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарын сактоо боюнча консультациялар берилди.

Сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораторияларында ветеринардык препараттардын калдыктарын аныктоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Учурда заводдук лабораторияларда негизинен антибиотиктердин айрым түрлөрү — левомицетин, тетрациклин, стрептомицин жана пенициллин текшерилет. Ал эми башка антибиотиктердин (жалпы 75 түрү) калдыктары мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.

Мындан тышкары, лабораториялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү максатында IEC ISO 17025 стандарты боюнча аккредитациядан өтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.

Жүргүзүлгөн мониторинг сүт продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга, сапатты жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоого багытталган.

Последние новости