www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын коомдук тамактануу жайларында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу маселелери боюнча окуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук муниципалдык администрациялардын мамлекеттик тил боюнча адистери, ошондой эле борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларынын (кафе-ресторандардын, чайканалардын, тез тамактануучу жайлардын) жетекчилери жана расмий өкүлдөрү катышты.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Телекманова мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова «Борбор шаардагы коомдук тамактануу жайларында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу маселелери» аталышында баяндама жасап, учурдагы абал жана негизги талаптар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун башчысы Темирбек Осмоналиев «Коомдук тамактануу жайларындагы аталыштарды бирдейлештирүү» темасында баяндама жасап, терминологиялык тактык жана тил нормаларын сактоонун зарылдыгын белгиледи.
Иш-чара суроо-жооп жана талкуу бөлүгү менен улантылып, коомдук тамактануу жайларынын өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты жана сунуш-пикирлерин билдиришти.
Семинардын жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашырууну күчөтүү, коомдук жайларда кыргыз тилинин колдонулушун кеңейтүү жана бирдиктүү тил стандарттарын сактоо боюнча сунуштар айтылды жана кыргыз тилиндеги “Тамак-аш тизмегинин” үлгүсү берилди.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга жана аны күнүмдүк турмушта кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.