www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күндүн жылышына байланыштуу Бишкек шаарынын аймагында МККБ кызматкерлери тарабынан мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларын текшерүүгө багытталган масштабдуу профилактикалык рейддик иш-чаралар башталды.
Аталган иш-чаралардын негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын башкарган айдоочулардын тартибин жогорулатуу болуп саналат.
Рейд учурунда МККБ кызматкерлери айдоочулар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөрдү беришүүдө.
Өзгөчө көңүл транспорт каражаттарынын техникалык талаптарына бурулууда. Эгерде кыймылдаткычтын көлөмү (кубаттуулугу) белгиленген талаптарга жооп бербесе же тиешелүү документтери жок болсо, айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлөт.
МККБ эскертет: мотоцикл, скутер жана мопеддерди тиешелүү документтерсиз башкаруу, ошондой эле техникалык талаптарга жооп бербеген абалда колдонуу жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн олуттуу коркунуч жаратат.
Урматтуу жарандар! Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коргоочу каражаттарды колдонууга жана транспорт каражаттарын мыйзам бузуу менен пайдаланбоого чакырабыз.