www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-март күнү саат 14:00 дон 18:00 го чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-304-чакырым аралыгында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү коркунучун алдын алуу максатында кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу аталган тилкеде жол кыймылы убактылуу жабылат.

Айдоочулардан түшүнүү менен кабыл алып, коопсуздук талаптарын так сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо көрсөтүлгөн убакыт аралыгында бул тилкеде сапарга чыкпоону өтүнөбүз.

Кошумча маалымат берилет

 

Последние новости