www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык дайындоолор орун алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбор калааны өнүктүрүү максатында жана жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык администрацияларда район башчыларынын кошумча орун басар штаттык бирдиктери киргизилди.
Ошентип, Биринчи Май райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп Айбеков Марлен Айбекович дайындалды. Буга чейин ал Кара-Балта шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.