www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-ноябрдан 30-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 344 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 804;
мас абалында унаа башкаруу — 348;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 168;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 785;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 824;
авто ээнбаштык — 17;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 124;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 847;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 420 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.