www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июнда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимди жактырышты. Ага 36 депутат добуш берди.

Документке ылайык, шаардык транспортто накталай төлөө мүмкүнчүлүгү сакталат. Бул үчүн жүргүнчүлөр аялдамаларга, коомдук жайларга же транспортко орнотулган терминалдар аркылуу атайын талон сатып ала алышат. Мэрия бул сунушту колдоду.

Буга чейин мэрия жол кирени төлөөнүн 8 түрү болорун билдирген:

  • 1020 сомдук «Тулпар» картасы (чексиз каттам);
  • 360 сомдук окуучулар картасы;
  • транспорттук карталар;
  • QR-коддор;
  • тиркеме аркылуу виртуалдык карта;
  • валидатор аркылуу банк картасы;
  • айдоочудан 60 сомго бир жолку жүрүү акысы кошулган «Тулпар» картасы;
  • «Кыргыз почтасы» бөлүмдөрүнөн алынуучу карталар.

Накталай акча салуу жана QR-код алуу үчүн терминалдар аялдамаларга орнотулат. Бардык 72 каттамдын ар бирине кеминде бештен терминал коюлуп, алар жаңы конуштарда жана шаардын борбордук бөлүгүндө да иштейт.

Жол кирени текшерүү үчүн мэрия 100 кызматкер жалдайт. Алардын айлык маянасы «Тулпар» компаниясы тарабынан төлөнөт.

Айдоочудан бир жолку билет сатып алуу башка мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албаган жүргүнчүлөр үчүн акыркы чара катары каралат.

Транспорттук карта менен төлөгөн жүргүнчүлөр 5 мүнөт өткөндөн кийин 60 мүнөт ичинде чектөөсүз башка каттамдарга акысыз отуруп түшө алышат.

Бишкекте туруктуу жашаган төмөнкү жарандар коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрө алышат:

  • пенсия курагындагы жарандар;
  • I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар;
  • бала кезинен майыптыгы бар адамдар;
  • 7 жашка чейинки балдар;
  • 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери;
  • кызматтык милдетин аткарып жаткан «Кыргыз почтасы» ишканасынын почтальондору.

Акысыз жүрүүгө сүрөтү жана ээсинин аты-жөнү көрсөтүлгөн жекелештирилген транспорттук карта гана негиз болуп бере алат.

Жаңы тартип 1-июлдан тарта күчүнө кирет.

Последние новости