www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш аял анын ишенимине кирип, 2019-жылдын март айында Ак-Ордо жаңы конушунан курулуш курууга бардык документтери бар жер тилкесин сатам деп, жабырлануучудан 6 миң доллар алып, айыл чарба багытындагы жер тилкесин сатканын билдирген.
Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын негизинде Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, А.Э. кармалып (аял киши), убактылуу кармоочу киргизилген.
Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жаранга карата 14 арыз катталып, бардык фактылар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg