www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Асабанын» «астары» кимдер?

Мезгил «критке» чапканы менен Мелис Эшимкановдун «Асаба» гезити тарыхка айланып, учурунда залкарлар мектебине айланган. Асабачылардын кээ бири бийликте тизгин чоюп, кээ бири калемгер катары бекем орношуп, кээ бири көр алдында калса да декабрда «Асабаны» эскере кетели дедим, анткени Мелис мырза дайыма декабрда эскерчү:

  1. Алым ТОКТОМУШЕВ –«Асабанын» бети Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү» менен ачыла турган. Ал саясий болгон окуялардын жилигин чагып, тишке жумшактап чагып берчү. Эшимканов ага бир тууган агасындай мамиле кылчу, ал Эшимканов кичүү болсо да атасындай көрчү. Бир ирет милиция кармап алат, Токтомушев шак Эшимкановго «звонить» этет, Эшимканов шар эле жетип келип, милицияны министри менен акесин Үч-Коргондон окутуптур.
  2. Шайлообек ДҮЙШЕЕВ –Шайлообек байке «Асабага» келгенде тиш кагып элге таанылып калган. Ал «Асабаны» чыгарды, «Асаба» аны чыгарды, эптеп «Кет бука» болуп жүрүп, кеткен «Азаттыкка».
  3. Түгөлбай КАЗАКОВ- Кереметтүү обончу Казаковду «Асаба» кереметтүү журналистке айланткан. «Асабаны» Казаков «запасной аэродром» кылган, бийликте чоң кызмат болгондо кетчү, андан бошоор менен «Асабага» келе турган.
  4. Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ –Аны ааламга тааныткан «Асаба» болгон, «Асабаны» ааламга тааныткан Кубатбек мырза болгон. «Асаба» өчкөнү анын ың-жыңы билинбей калды.
  5. Салижан ЖИГИТОВ; Баратбай АРАКЕЕВ; Анатай ӨМҮРКАНОВ –«Асаба» менен асылышкандар.
  6. Төлөгөн КАРЫКЕЕВ – Төкөм өзү абийирдүү жигит, Эшимканов акча берсе албайт, Эшимканов ыгын таап теннис ойноп, атайын утулуп акча берчү экен. Кантсе күлкүнүн төрөсү эмеспи.
  7. Кубат ОТОРБАЕВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Нурлан ШАКИЕВ, Султан ЖУМАГУЛОВ – «Асабадан» өсүп бийлик жакка кеткендер. Султан байке гана тиги дүйнөгө шашып кетти.
  8. Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ – Жокин байке Эшимканов менен бир бүткөнүнө таянып, бир күнү жакалашып, бир күнү такалашып жүрчү.  «Асабага» көп чакырылганы да, көп куулуп чыкканы да маркум Жокин байке болсо керек.
  9. Калил ЖАМГЫРЧИЕВ – Калил байкенин таланты зор эле,  зор талантын маркум Калил байке кичинекей камоктордун сатуучуларына арнап койду.
  10. Алмаз ТАШИЕВ – Алмаз жылдыздай «жарк» жанып келген жылдыз эле, жылдыздай жалп өчтү.
  11. Манас ОСМОНОВ –Манас мырза «Асабадан» «ачыбаган камырдай» болуп, көп сырын чыгарган жок. Ал сырын «Эркин Тоого» келгенде чыгарды.
  12. Абдувахаб МОНИЕВ –Генерал Мониевдер менен кеңири элге таанымал. «Учкун» гезитин чыгарып да учуп жүрдү.
  13. Азамат КЫЯЗОВ – Азамат бир топ жыл азаматтанып оозун ачпай жүргөн, эми телеберүүдөн азаматтана баштаптыр.
  14. Асыран АЙДАРАЛИЕВ – Финляндиянын «Асабасын» көтөрүп кеткен дешет.
  15. Жеңишбек ЭДИГЕЕВ, Чолпон ОРОЗОБЕКОВА – Бул кош талант чет жерде кыргыз журналистикасынын атын чыгарып жүрүшөт.
  16. Айзада АБАЗОВА – Таланты ташкындап турган Айзаданын да өмүрү кыска болду.
  17. Аскер САКЫБАЕВА – Аскер Сакыбаева ушул кезге чейин «Асаба-Агым» менен колун үзгүсү келбейт.Бүгүн да «Агым» үчүн күрөшүп жүрөт.
  18. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Замира КОЖОБАЕВА, Дилбара АЛИМОВА, Семетей ТАЛАС уулу, Бурул МУСАБЕКОВА- бүгүнкү «Фейсбук» жылдыздары.
  19. Жылдыз МУСАБЕКОВА – «Айатка» аны Бакиевдер алып койгон соң «Эл үнүнө» келип, бүгүн ЖК депутаты.
  20. Салтанат КЫДЫРМАЕВА – «Асабаны» көгөртүп «Көк асабанын» Башкы редактору.
  21. Карамат ТОКТОРБАЕВА –Баткен согушу боюнча көп жазчу, азыр Европаны титиретип турат.
  22. Санжи ТУЙТУНОВА, Зайырбек «АЖЫМАТОВ –«Агымдан» чыгып «Азаттыкка» кеткендер.
  23. Эрнис АСЕК уулу, Мамат САБЫРОВ, Кенжебек АРАКБАЕВ; Талант КОНОКБАЕВ –«Асаба», «Агымдын» Башкы редакторлору.

 

Мен Мелис Эшимкановдун атаандашы болгом. Ал кезде Мелиске ким даап сөз айта алат эле. Бирок,анын «Агымын» «Агым» болбой эле «Чагым» болуп калды деп жазып элге популярдуу болгон, кийинки «хозяини» Максим Бакиевге «Айрандан артык максым, Айдардан артык Максим бар» -деп жазганым да элге алынган, Бакиевге орустан калка кылып «Саясий өлүк» болуп калды деп чыккам. Мелистин жакшы жери өз оппонентерине кек сактабай сыйлоочу. «Ленинчил жашка» 80, «Асабага» 15, «Агымга» 5 жыл толгондо Филармонияда чоң үлпөт кылып, атаандашы катары чакырткан, кийин  КТРКга келип реформа кылайын деп 700 адамды бошотуп талоонго калганда, оппонентти болсом да колдоо сураган. Ошондо элдин эсинде болсо «Эшимкановдун залкарлар мектеби» деген публицистикамды чыгарып, ММКлардын көбүнө жарыя болгон. Ал эмес Эрнис мырза Мелисти эскерген китебине кошкон болуш керек. Эми «Асабадан» учуп чыккан залкарлар толтура, анын бары убагы келсе жазылар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости