www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктын жаңы үлгүдөгү паспортунун 100 миң нускадагы биринчи партиясы февралдын аягында даяр болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы паспортто "атасынын аты" деген сап жарандын каалоосуна жараша толтурулат:
"Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле жасашты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды".

Буга чейин таратылган маалыматка караганда кыргызстандыктын биометрикалык жарандык паспорту 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот. Тагыраак айтканда анда Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манас эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана Кыргызстандын башка аймактарынын символдору камтылган.

Кыргызстандыктын паспортунун жаңы үлгүсүн чыгаруу боюнча 2020-жылдын май айында германиялык "Mühlbauer ID Services" менен 1,5 миллион бланк чыгарууга 3 жылдык келишим түзүлгөн. Келишим улуттук валюта сом менен түзүлгөндүктөн, жаңы паспорттун баасы чет өлкөлүк валюталардын өзгөрүүсүнөн көз каранды болбойт.

Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү иштери 2016-жылы башталган. Биринчи этапта электрондук чип орнотулган ички электрондук ID-паспорттор даярдалып, 2017-жылы берилип баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости