www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Аалы Молдоканов 69 жашында капилет келген оорунун айынан дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. 

Өкмөт жетекчилигинин, илим жана маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтууда Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан болгону белгиленди.

Белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, өкмөткө караштуу Терминологиялык комиссиянын мүчөсү, СССР Журналисттер союзунун анык мүчөсү катары Молдоканов мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салым кошту.

Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-жылдары «Кыргызстан» басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеген. 1979-1989-жылдары КыргызТАГ мекемесинде редактор, котормочу болгон. 1989-1991-жылдары Бишкек шаараткомунда мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысынын кызматын аркалаган. 1991-2000-жылдары Жогорку Кеңеште котормо секторунун башчысы, 2000-жылдан бери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Маркумдун сөөгү 9-июлда өзүнүн туулуп өскөн айылында жерге берилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости