www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Зардалы айылына алып баруучу Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы жолу жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Аталган жолдун 17,5 чакырымында кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктаган. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнү куруу иштери 95%га бүткөн.
6-декабрда транспорт министри Абсаттар Сыргабаев жолдун курулушунан кабар алган.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 2024-жылы Баткендеги бийик тоолуу, жетүүгө кыйын Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.