www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөк пул берилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жөлөк пулду дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынган. Кошумча ар айлык социалдык жөлөк пул 3 700 сом деп белгиленген.

Ал төмөнкүлөргө берилет:

курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары — ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;

курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) — пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;

ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар — майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости