www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдаланган жаранга айып пул салынып, келтирилген зыян үчүн доо эсептелди. Бул тууралуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы Лейлек районунун Раззаков шаарынын тургуну тарабынан жайыт жер мыйзамсыз пайдаланылганын аныктаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаран короо куруу максатында 600 чарчы метр жайыт жердин кыртышын өз алдынча бузганы белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык административдик протокол түзүлүп, жаранга 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, 600 чарчы метр жайыт жерге келтирилген зыян үчүн 84 миң 200 сом өлчөмүндө доо эсептелип, аны мыйзамдын талаптарына ылайык өндүрүү чаралары көрүлүп жатканы маалымдалды.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жарандарды жер мыйзамдарын так сактоого, жайыт жерлерин өз алдынча ээлебөөгө жана алардын кыртышын мыйзамсыз бузбоого чакырды.