www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБде облус аймагындагы тергөө кызматынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан автотехникалык экспертиза багыты боюнча теориялык жана практикалык окуу сабактары өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө соттук-автотехникалык экспертизанын негиздери, ошондой эле экспертизаны дайындоо тартиби боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Баткен ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүруш иши боюнча орун басары милициянын полковниги Равил Ниязбеков жыйындагы тергөөчүлөргө мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана жарандардын арыз кайрылууларын так жана мыйзамдуу тергөө жагын эскертип өттү.