www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда малдарды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды.

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 3-сентябрда саат 15:30 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылынын Курук-Сай участогунда болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Бак айылынын тургуну Т.О. Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактагы көп жылдык багынан Баткен шаарындагы муниципалдык базардан сатып алынган үч уй жана үч торпокту алып чыккан.

Малдар 27 жаштагы Ю.М.га таандык «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаага жүктөлүп, Тажикстандын Согди облусунун Исфара районуна бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз өткөрүлүп кетүү максатында ташылып бара жаткан жеринен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган экономикалык контрабанданын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү Ю.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.

Последние новости