www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын аскердик тик учагы Польшанын аба мейкиндигине кирди

Орусиянын Ми-8 аскердик тик учагы Калининград облусунун тараптан Польшанын аба мейкиндигине кирген.

Бул тууралуу Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн Оперативдүү командачылыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, тик учак Польшанын аба мейкиндигинде 42 секунд болгон жана мамлекеттик чек араны болжол менен 300 метрге бузуп өткөн.

Окуядан кийин Польшанын аскердик учактары абага көтөрүлүп, жердеги коргонуу күчтөрү жогорку даярдык абалына келтирилген.

Польшанын тараптын баамында, бул окуя Орусия тарабынан өлкөнүн абадан коргонуу системасынын даярдыгын текшерүү аракети болушу мүмкүн.

Орусиянын Варшавадагы элчилиги азырынча окуя боюнча комментарий бере элек.

Последние новости