www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан 40 жыл мурда, Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын курмандыктарын эскерген иш чара өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө, “биз Чернобль окуясынын жалпы катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, Сиздердин эрдигиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана каармандыгыңыздар үчүн таазим этебиз. Ошондой эле бул апааттын кесепетинен, дүйнөндөн көзү өтүп кеткен мекендештерибиздин элеси эч качан унутулбайт” деди.
Иш чаранын жүрүшүндө Чернобыль кырсыгынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.
Адамзат тарыхындагы эң оор апаат катары тарыхта калган бул күн, миңдеген адамдардын тагдырын өзгөртүп, жер бетине орду толгус зыян алып келген. Бирок дал ошол учурда өз өмүрүн тобокелге салып, апааттын кесепеттерин жоюуга катышкан эр жүрөк адамдардын кайраты дүйнө жүзүнө үлгү болгон.
1986-жылы 26-апрелде болгон бул окуянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан 146 адам барган болсо, азыр алардын 83ү арабызда.
Бул күнү ардагерлердин эрдиги бааланып, облус башчысынын сыйлыктары ыйгарылды.