www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

Баткенде Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкенде, эскерүү иш-чарасы облус борборунда өтүп, ага Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери менен кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө Апрель окуясы өлкөбүздүн тарыхындагы саясий мааниси бар, тарыхий окуя. Бул күн - ар намыстуу, акыйкаттыкты бийик туткан элибиз, адилеттикке жол ачкан күн. Албетте азаттык үчүн жанын берген мекендештерибиздин ордун эч нерсе толтура албайт. Кыргыз элинин эркиндиги деп шейит кеткен мекендештерибиздин жаркын элеси унутулбайт. Адилет башкаруу, элибиздин бакубатчылыгы, баатырларыбыздын эңсегени эле. Ошондуктан бүгүнкү өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстан үчүн апрель окуясынын орду чоң деп белгиледи.

Андан соң Апрель революциясында курман болгондорго багышталып, куран окулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости