www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.
Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Баткен региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө курулуп жаткан 7 кабаттуу турак үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Золотой Квадрат” ЖЧКга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынып, эскертүү берилди. Бүгүнкү күндө башкармалыктын инспекторлору тарабынан текшерүү иштери улантылууда.
Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат.