www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Баткен облусунда Тажикстандан Өзбекстанга ири өлчөмдөгү баңгизат ташууга байланышкан кылмыш иши токтотулду.
Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Унааны текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар 10 таңгак табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган зат гашиш экендиги аныкталып, жалпы салмагы 9 килограмм 908 граммды түзгөнү белгилүү болду.
Кармалган жаран Баткен районунун 1987-жылы туулган тургуну А.С. экени такталды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.