www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда социалдык келишим алуу шылтоосу менен жарандардан акча талап кылган факты боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрь айында Баткен районунун 48 жаштагы тургуну У.Т. жергиликтүү тургундарга социалдык өнүктүрүү бөлүмү аркылуу берилүүчү 150 миң сомдук социалдык келишимди алып берүүнү убадалаган.
Шектүү эч бир мамлекеттик же расмий мекемеде иштебегени аныкталган. Ошого карабастан ал документтерди “жасап берип”, акча каражатын алып берүү шылтоосу менен бир нече жарандан 20 миң сомдон акча талап кылып алганы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө У.Т. кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Укук коргоо органдары жарандарды сак болууга чакырып, ушундай аракеттерден жабыр тарткандар болсо милицияга кайрылууну өтүнүштү.
Байланыш үчүн: 102 же 03622-5-07-15
WhatsApp номерлери: +996 770 125 555
+996 777 385 666
+996 770 140 070