www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Жалал-Абад областынын Сузак районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачты.



Башкы прокурор өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болоорун билдирди.

Cузак районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.

