www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылып, ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө прокуратура органдарынын алып барган иш-аракеттеринин негизги багыттары комплекстүү талданып, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын жана ишкерлердин укуктарын ишенимдүү коргоо, кылмыштуулуктун абалы жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошону менен катар коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугу, социалдык-экономикалык жана экологиялык чөйрөдөгү абал каралды.
Талкуунун алкагында жарандардын укуктарын камсыздоо, үй-бүлөлүк зомбулукка жана балдарга карата укук бузууларга каршы чараларды күчөтүү, ошондой эле прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашырууда орун алган кемчиликтерди жоюу зарылдыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча прокуратура органдарынын кызматкерлерине мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууну өз мөөнөтүндө камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү, укук бузуулардын алдын алуу иштерин өркүндөтүү, текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча бир катар тиешелүү тапшырмалар берилди.