www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2025-жыл ичинде жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылган жылдык коллегия болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин бекемдөө, жарандардын, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү багытында прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштерге кеңири талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле ишмердүүлүктө орун алган кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча чаралар талкууланды.
Коллегияда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн системалуу негизде уюштуруунун зарылдыгын белгилеп, прокурордук көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүү, мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын камсыз кылуу маселелерине басым жасады. Ошондой эле арыз-даттануулар менен иштөөдө ар бир кайрылуунун маңызын терең талдап, формалдуу мамилеге жол бербестен, өз убагында жана негиздүү чара көрүү боюнча талаптарды койду.
Мындан сырткары, Башкы прокурор прокуратура органдарына коюлган стратегиялык тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин жүрүшүнө карата конкреттүү кадамдарды белгилеп, артыкчылыктуу багыттар боюнча көзөмөлдү күчөтүү, кызматтык тартипти сактоо жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.
Жыйынга облустук, райондук прокуратура органдарынын жетекчилери жана Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.