www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы премьер-министр, азыр издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча комментарий берди.

"2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларус башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Бирок, Башкы прокуратура бул боюнча иш алып барууну улантууда" деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганын, бирикменин директору болорун билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып,Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Минскке нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости