www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар товарга айландыбы?

Эл аралык эмгек уюмунун изилдөөсүнө таянсак, бүгүнкү күнү дүйнөдө 21 миллион адам эмгекке мажбурлоо жолу менен тартылган. Алардын көпчүлүгү алдоо жолу менен кулчулукка кабылып, түрдүү жумушка байланышкан. Басымдуу бөлүгүн сексуалдык кызмат көрсөтүү жана кара жумушка тартылгандар түзөт.

Эгер Кыргызстанга келе турган болсок, Кыргызстандыктардын көпчүлүгү Орусияда, Казакстанда кара жумушка тартылып, кулчулукка кабылышат. Түкия, Бириккен Араб Эмираттары өңдүү өнүккөн мамлекеттерге сексуалдык кызмат көрсөтүү багытында сатылат. Адам сатуу көрүнүштөрү ички жана сырткы миграциялык агым менен түз байланыштуу. Көпчүлүк мигранттар үй-бүлөсү менен жүргөндүктөн, акыркы жылдары алардын балдары алдамчы адам соодагерлерине  кабылып калышууда.  Бул тууралуу ОшМУ эл аралык мамилелер факультетинин  ага окутуучусу Бакты Кыдырмышева айтты.

 —Адам сатуу десе эле жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып алуу деп ойлошот. Бирок андан башка дагы адам сатуунун түрлөрү бар. Буга чейин кыз-келиндер болсо, бүгүнкү күнү 5-17 жашка чейинки наристелерди алдап кеткендер көп болуп жатат. Мисалы АКШнын мамлекеттик департаменти ушул маселе боюнча изилдөөнү жарыялады. Анда биздин өлкө 2-орунда турат. Буга балдарды мажбурлоо жолу менен асырап алуу да кирет.

Эл аралык эмгек уюмунун статистикасын карасак, Кыргызстанда 5-17 жашка чейинки балдардын 28 пайызы эмгекчилер болуп эсептелет. Алардын 95 пайызы айыл-чарба тармагында иштейт. Ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн Эл аралык эмгек уюму 1930-жылы атайын конвенция кабыл алган. Кыргызстан аны ратификациялаган. Ушул конвецияга алымча-кошумчаларды киргизүү үчүн уюм өлкөгө көмөк көрсөтүп жатат. Эгер колдоо таап өтсө, Кыргызстан адам сатууга каршы туруу үчүн атайын программа кабыл алып, ишке ашуусу үчүн милдеттеме алаарын Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору Болотбек Ороков белгиледи.

—Эң өкүнүчтүүсү Кыргызстанда кулчулукка кабылгандар боюнча  бирдиктүү статистика жок. Мамлекеттик органдардын ар биринде жекече гана маалыматтар камтылган. А бирок жалпы ишенимдүү статистика жок. Эл аралык эмгек уюму бул маселе боюнча долбоор иштеп жатат.

Миграция кызматы болсо таптакыр башка статистиканы берүүдө. Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы  Нурлан Шериповдун айтымында, 2013-16-жылдар аралыгында адам сатуу фактысы боюнча 50 кылмыш иши козголуп, 5 жаран жоопко тартылган. Өткөн жылы 8 кылмыш иши козголгон. Үстүбүздөгү жылы бир гана кылмыш иши козголгон.

Ошондуктан кулчулука кабылбоо үчүн ар бир жаран өз укугун билиши керек. Ошол миграциялык мыйзам боюнча да кабардар болушу шарт. Мындан улам, мамлекет тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул багытта атайын программа бар. Анын алкагында Бишкек, Ош шаарларында жана облустарда адам сатууга каршы туруу үчүн координациялык кеңештери түзүлдү.

-Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жети облуста жана Бишкек шаарында адам сатууга каршы координациялык кеңештер түзүлдү. Ошол кеңештер жигердүү иштерди алып барат. Алардын арасына дин кызматкерлери дагы кирди.  

Кулчулук курмандыктарына арналган “Жакшы жашоо издеп…” аттуу көргөзмө Курманжан Датканын эстелигинин алдында өттү. Ал 30-июль кулчулукка каршы күнгө арналды.

Булак: "Марал"

Последние новости