www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчыда аскерде ок тийген жоокер Бишкекте ооруканада жатканын бүгүн 18-апрелде Коргоо министрлиги билдирди. Окуя 9-апрелде №20636 аскер бөлүгүндө болгон.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аскерлердин бири кокусунан чыгарган ок башка аскерге тийген. Жараат алган жоокердин абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалап жатышат.
Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө, материалдар Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.
Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.
Булак: NazarNews.kg