www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев: Кээ бир министрлер чын тийбес болуп калды

Кээ бир министрлер чын тийбес болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал соцблокту тескеген Эдил Байсалов эмне кылып жатканына кызыкты. Депутаттын айтымында, көйгөйдүн баары ушул жакта — билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо жаатында болууда. Бирок эки-үч айдан бери куратордон дайын жок.

"Көйгөйдү айтсак эле "президентке каршы чыгып атасың" дешет. Биз бир кемедебиз. Эртең чөксөк, чогуу чөгөбүз. Ошого жеткирбеш үчүн азыртадан кээ бир министрлерди тепкилеп иштешибиз керек. Биз айранды үйлөп ичип калганбыз. Министрлериңерди чын тийбес кылбай элдин көйгөйүн чечтиргиле", — деди Түлөбаев.

Эл өкүлү аткаминерлерге сын айтса жаман көрүп, интрига кылып же сотко берем дебей, иштей албаса кызматтан кетиши керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости